Бишкектеги кафеде тартылган мушташтын видеосу тарады
Бишкектин Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан "Павлин-Мавлин" кафесинде эркектердин мушташы чыкты. Видео социалдык тармактарга тараган.
12-июлда Свердлов райондук милициясынан билдиришкендей, бул факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Милиция окуянын катышуучуларын аныктайт. Эч ким арыз менен кайрыла элек.