SerepTV Logo

Бишкектеги кафеде жаран 390 миң сомун уурдатып жиберген. Кылмыш видеого түшүп калган

Бишкектеги кафеде жаран 390 миң сомун уурдатып жиберген. Кылмыш видеого түшүп калган
Бишкекте бир нече уурулук фактыларына шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. 20-ноябрь күнү Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына 1994-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Арызында ошол эле күнү саат 19:30 чамасында Бишкек шаарынын Чүй проспектисинде жайгашкан кафелеринин биринде кол барсеткасынан 390 миң сом акчасын уурдап кеткенин айткан. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары мурда соттолгон, 1984-жылы туулган шектүү аныкталып, кармалган.
edita