Бишкектеги кафеде индиялык студенттерди сабаган делген жигиттер кармалды (видео)
Милиция Индиянын жарандарын сабаган шектүүлөрдү кармады. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Буга чейин социалдык түйүндөрдө, Бишкек шаарындагы кафенин ичинен белгисиз жарандар индиялык жарандардын денесине залал келтирип жаткан видео тараган. Аталган окуя Ленин РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 280 (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү делип, 2000 жана 2004-жылы туулган жарандардын аты-жөнү такталып, Тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Учурда тергөө амалдары улантылууда.