SerepTV Logo

Бишкектеги кафе-барда чыккан мушташ боюнча 4 жигит кармалды

Бишкектеги кафе-барда чыккан мушташ боюнча 4 жигит кармалды
Кечээ, 2-августта социалдык тармактарга Бишкектеги «Чердак» кафе-барында чыккан мушташтын видеосу тараган. Кылмышка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, милицияга окуя боюнча маалымат 2-сентябрда саат 03:20да түшкөн. Аталган жайга кызматкерлер барып, мушташтын катышуучулары милицияга алып келинген. Факты Жазык кодексинин 266-беренеси (бейбаштык) менен катталган. Мындан тышкары, кафе-бардын администратору мушташ чыгаргандарга карата арыз жазган. Анын айтымында, мушташкан адамдар мекеменин мүлкүн талкалап, иштеген кызматкерлерди сабап салышкан. Кызматкерлер да сабалганын билдиришкен. Ошентип, 2-сентябрда убактылуу кармоочу жайга 4 жигит киргизилди. Алардын үчөө 20 жашта болсо, бирөөсү 19 жашта. Экспертиза дайындалып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.