SerepTV Logo

Бишкектеги жатаканада жигит асынган абалда табылган. Шектүүлөр кармалды

Бишкектеги жатаканада жигит асынган абалда табылган. Шектүүлөр кармалды
Бишкекте өз жанын кыюуга жеткирүүгө шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 30-августта саат 14:21 чамасында милицияга Панфилов көчөсүндө жайгашкан жатакананын жуунуучу бөлмөсүндө 2003-жылы туулган жаран асынган абалда табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты боюнча өз жанын кыюуга жеткирүү беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1996-жылы туулган 2 шектүү кармалып, камакка алынды.