SerepTV Logo

Бишкектеги кызды зордуктоого аракет кылган жигит. Милиция окуянын чоо-жайын айтты

Бишкектеги кызды зордуктоого аракет кылган жигит. Милиция окуянын чоо-жайын айтты
Бишкекте кызды зордуктоого аракет кылган шектүүгө карата Жазык кодексинин 266-беренесине ылайык (ээнбаштык) кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 7-майда милицияга кыз кайрылып, ага белгисиз жаран ыксыз мамиле кылып, жерге жыгып, денесине залал келтиргенин айтып жардам сурап кайрылган. Кылмышка шектүү катары 20 жаштагы жаран кармалган. Анын клей жыттап, спирт ичимдиктерин ичкени маалым болгон. "Медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча, жабырлануучунун денесине залал келтирилбегени аныкталган. Учурда  тергөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта. Бирок учурда кылмышка шектүүнүн кайда экендиги жөнүндө маалымат камтылган эмес. Адвокат Шердор Абдыкапаров СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Бишкектеги көчөлөрдүн биринде кызды зордуктоо аракети болгону, ага жолдон өтүп бараткандар жардам бергенин айтып, кылмышка шектүү эркиндикте жүргөнүн билдирген эле.
edita