SerepTV Logo

Бишкектеги жаңы конуштардын биринде аял кишинин жансыз денеси табылды

Бишкектеги жаңы конуштардын биринде аял кишинин жансыз денеси табылды
Бишкекте адам өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 21-февралда Бишкек ШИИБдин "102" кызматына борбор калаанын конуштарынын биринде зомбулуктун белгилери менен болжол менен 25-30 жаштардагы аял кишинин жансыз денеси табылган. Аталган факты боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1996-жылы туулган 1 жаран, 2002-жылы туулган 2 жаран кармалып, камакка алынган. Жергиликтүү маалымат каражаттары ишенимдүү булактарына таянып, шектүүлөр алгач кызды зордуктап, андан соң бычак менен жүрөк тушка урушканын жазышты. Ошондой эле маркумдун 30 жашта экени айтылууда.
edita