SerepTV Logo

Бишкектеги гипермаркеттин кассасынан акча уурдаган шектүү кармалды (видео)

Бишкектеги гипермаркеттин кассасынан акча уурдаган шектүү кармалды (видео)
Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти. 14-октябрь күнү милицияга жаран ошол эле күнү саат 16:20 чамасында Юнусалиев көчөсүндөгү гипермаркеттердин биринде кассадан 45 миң 838 сом суммадагы акча каражатын уурдап кеткен белгисиз адамга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (уурулук) ылайык кылмыш иши козголгон. Октябрь РИИБдин тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1996-жылы туулган жаран аныкталып, кармалды.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от УВД Октябрьского района (@uvdoktyabrsky)