Бишкектеги бульварда 3 ай мурун эркек кишинин жансыз денеси табылган. Атын тактоого мүмкүн болбой жатат
Ушул жылдын 7-августунда Жаш Гвардия бульвары менен Сагынбай Манасчы көчөлөрүнүн кесилишинде болжол менен жашы 23-40 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылган. Анын денесинен криминалдык тактар байкалган эмес. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
Белгилери: бою 180 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы кара кыска.
Кийген кийими: "Россия" деген жазуусу бар кара-көк кофта, боз көйнөк, кара спорттук шым, бутунда ак спорттук бут кийим.
Кимде-ким сүрөттөгү жаранды таанып-билсе, 0 (312) 352-605, 0 (705) 450-553, 0 (553) 102-465, 0 (551) 088-330 номурларына чалып, байланышсаңыздар болот.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="84921,84922,84923,84924,84925"]