SerepTV Logo

Бишкектеги беш батирдин акчасын алып качып кеткен шектүү жаран кармалды

Бишкектеги беш батирдин акчасын алып качып кеткен шектүү жаран кармалды
Ири алдамчылыкка шектелип, борбор калаадагы беш батирдин акчасын алдап кечып кетти деген жүйөө менен Бишкек шаарынан шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук Ички иштер башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, И. Э. жана М. Э. аттуу жарандар 2019-жылдын 4-мартында беш батирди кеңсеге алмаштырып берүү убадасы менен акча алып, качып кетишкен. Аларга алданган жарандар 21 миллион сом зыян тартышкан. Учурда шектүүлөрдүн бири 1986-жылы туулган И.Э. кармалып, эки айга камакка алында. Ал эми экинчиси изделүүдө.
Unknown Author