SerepTV Logo

Бишкектеги батирлердин биринен эркек кишинин жансыз денеси табылды

Бишкектеги батирлердин биринен эркек кишинин жансыз денеси табылды
Бишкекте батирден жансыз дене табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, ӨКМге Горький көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн батирлердин биринин эшиги бекилип, батирдин ээси байланышка чыкпай жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге 5 куткаруучу тартылып, алар эшикти ачкан кезде, батирдин ичинен 1966-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылган. Маркумдун жансыз денесин ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.