SerepTV Logo

Бишкектеги батирлердин биринен 48 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды

Бишкектеги батирлердин биринен 48 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды
Бишкектеги батирлердин биринен 48 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, куткаруучулар Ауэзов көчөсүндө жайгашкан №1А үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 1973-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылган. Маркумдун жансыз денесин ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.