SerepTV Logo

Бишкектеги батирден улгайган аялдын жансыз денеси табылды

Бишкектеги батирден улгайган аялдын жансыз денеси табылды

Бишкектеги батирден жансыз дене табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кечээ, 14-апрель күнү 7-Апрель көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн батирлердин бириндеги жашоочу байланышка чыкпай жана эшиги бекилип калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге 5 куткаруучу тартылып, эшигин ачкан кезде батирдин ичинен улгайган аял кишинин жансыз денеси табылган. Маркумдун жансыз денесин ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилип, учурда аял кишинин аты-жөнү такталууда.