Бишкектеги батирден карыянын жансыз денеси табылды
Бишкектеги батирлердин биринен эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, жансыз дене Көлбаев көчөсүндөгү батирден табылган. Ал жерге 4 куткаруучу тартылып, жабылып калган эшикти ачышкан. Каза болгон жаран 75 жашта болгон. Жансыз дене туугандарына өткөрүп берилди.