SerepTV Logo

Бишкектеги батирден 83 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды

Бишкектеги батирден 83 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды
Куткаруучулар Бишкектеги Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачышкан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Батирдин ичинен 1940-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылган. Маркумдун жансыз денесин ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.