SerepTV Logo

Бишкектеги батирден 71 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды

Бишкектеги батирден 71 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды
Бишкектеги батирден 71 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, куткаруучулар 8-кичи районунда жайгашкан №1 үйдүн батирлеринин биринин бекилип калган эшигин ачышкан. Батирдин ичинен 1950-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылган. Маркумдун жансыз денеси ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилди.