Таластагы тоо-ташка жашынып! 28 миң долларды алдап алууга шектелген кармалды (видео)
Таласта алдамчылык фактысы менен издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүү Бишкек тургунунан шериктери менен бирге үй алып беребиз деп 28 миң долларын алып, изин жашырып кеткен. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштеринин жүрүшүндө издөө жарыяланган.
Талас ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам иш аракеттеринин негизинде шектүү 1985-жылы туулган жарандын жүргөн жери аныкталган. Ал Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Маймак айылынан тоо-таштардын арасынан кармалды. Кармалган жаран 16-октябрь күнү Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.