Ала-Арча дарыясындагы көпүрөнүн алдынан эркек кишинин жансыз денеси табылды
Биринчи Май районундагы Рыскулов көчөсүндө жайгашкан Ала-Арча дарыясындагы көпүрөнүн астынан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Ал жерге 5 куткаруучу тартылып, эркек адамдын жансыз денесин чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.