Бишкектеги 4 айлык наристенин аянычтуу өлүмү. Наристени сатууга шектелип дарыгер кармалды
Октябрь районунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери социалдык кызматкерлер менен бирге баланын бакубат абалына, жаш курагына, жаңы төрөлгөн баланы өзгөчө кароо зарылдыгы сыяктуу ачык факторлорго карабастан, ошондой эле бала төрт айдан бери бир адамдын камкордугунда болгондугун эске алышпастан, С.Нын эркине каршы ымыркайды тартып алышып, жогоруда көрсөтүлгөн реабилитациялоо борборуна тапшырышкан. Анын кесепетинен 12-апрелде реабилитациялоо борборунун медициналык кызматкерлери өздөрүнүн иш милдеттерине шалаакылык мамиле жасагандыгынын кесепетинен ымыркай чарчап калган", - дешкен.
Жергиликтүү ЖМКларга Бишкектеги балдар үйүндө каза болгон кичинекей кызды аял 3 миң 400 долларга сатып алганын Балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборунун жетекчиси Чолпон Арыкпаева билдирген.
Октябрь райондук милициясы бул иш боюнча дагы бир кылмыш иши козголгонун билдиришти. "Бул факты боюнча 11-апрелде Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренеси (Балдарды сатуу) боюнча кылмыш иши козголгон. А.Б. клиниканын мурдагы кызматкери, акушер-гинеколог тергөө тарабынан аныкталбаган башка адамдар менен алдын ала бүтүмгө келип, бала сатууну уюштуруп, муну менен өзгөчө оор кылмыш жасаган. Кылмышка шектүү катары 1963-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Бишкек шаарынын №21 мекемесине камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады", - деп айтылат маалыматта.