SerepTV Logo

Бишкектеги 3 унаанын катышуусунда катталган жол кырсыкта 11 адам жабыркаганы маалым болду

Бишкектеги 3 унаанын катышуусунда катталган жол кырсыкта 11 адам жабыркаганы маалым болду
Кечээ, 16-майда Милициянын кайгуул кызматынан Бишкекте 3 унаанын катышуусунда жол кырсык катталганын, анын кесепетинен 5 адам жабыркаганын билдиришкен. Кырсык саат 16:20 чамасында Ахунбаев көчөсүндө катталганын, КамАЗ, Хонда Фит жана 106-маршруттук такси сүзүшкөнү маалымдалган. ӨКМ маалымат таратып, кырсыктан 5 эмес, 11 киши жабыркаганын билдиришти. "Кырсыктын кесепетинен 11 киши ар кандай жаракат алышкан. Куткаруучулар Honda Fit үлгүсүндөгү унаанын ичинде кыпчылып калган аялды чыгарышкан жана жабыркаган жарандарга биринчи жардам көрсөтүп, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен", - деп айтылат маалыматта.