SerepTV Logo

Бишкекте үйлөнүү үчүн кыз ала качкан жаран кармалды

Бишкекте үйлөнүү үчүн кыз ала качкан жаран кармалды
Үйлөнүү максатында кыз уурдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, 15-апрелде саат 20:20 чамасында «102» номерине Шопоков-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде кыз уурдалгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери барышкан. Алар белгисиз адамдар зордук-зомбулук менен коркутуп, кызды Субару Легаси унаасына отургузуп кетишкенин аныкташкан. Кайгуул кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган А.А. аттуу жаран кармалган. Ал Свердлов РИИБине жеткирилген. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
edita