SerepTV Logo

Бишкекте үйгө ууруга киргендер камерага түшүп калышкан (видео)

Бишкекте үйгө ууруга киргендер камерага түшүп калышкан (видео)
Милиция кызматкерлери тарабынан батир уурулукка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. 27-июлда Ленин РИИБге жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүү арызы менен кайрылган, анда Арча-Бешик конушунда жайгашкан үйлөрдүн бирине уурулукка кирип, 2 алтын шакек жана унаанын 3 отургучун, жалпы баасы 50 миң сом түзгөн буюмдарын уурдап кетишкенин билдирген. Аталган факты боюнча, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (уурдоо) ылайык  кылмыш иши козголгон. Тергөө жана ыкчам издөө иш-чараларын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 1997-жылы туулган А.К. жана 1994-жылы туулган И.Н. аттуу шектүүлөр аныкталып, кармалган жана Тергөө кызматына жеткирилген. Ленин районунун соту тарабынан шектүүлөргө карата бир айга Бишкек шаарындагы №1 тергөө камак жайына камакка алуу чечимин чыгарды. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от УВД Ленинского района г.Бишкек (@uvdleninsky312)