SerepTV Logo

Бишкекте үйдүн алдында жаранды бычактаган шектүү кармалды (видео)

Бишкекте үйдүн алдында жаранды бычактаган шектүү кармалды (видео)
Октябрь РИИБдин кызматкерлери адам өлтүрүүгө аракет кылган шектүүнү кармашты. 18-июнда "102" кызматына Бишкектин 7-кичи районунун короосунда адам бычакталганы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге Октябрь РИИБдин ыкчам-тергөө тобу барган учурда факты такталып, жабырлануучунун өздүгү аныкталган. Андан соң, ага биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Бардык керектүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Аталган факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 37, 122-беренесине (адам өлтүрүүгө аракет кылуу) ылайык кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1993-жылы туулган жаран аныкталып, кармалган.
edita