SerepTV Logo

Бишкекте үйдөн өрт чыгып, 30 жаштагы жаран иске ууланып көз жумду

Бишкекте үйдөн өрт чыгып, 30 жаштагы жаран иске ууланып көз жумду
Бишкекте 30 жаштагы киши иске ууланып көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, Ленин районуна караштуу Арча-Бешик конушунун Күйүков көчөсүндө жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 90 чарчы метр чатыры, балдар бөлмөсү жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттү өчүрүүгө саат 03:28де Ленин райондук №28 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Кошумча саат 03:46да Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Турак үйдөн чыккан өрт саат 04:25те чектөөгө алынып, саат 05:28де толук өчүрүлдү. Өрттүн кесепетинен үй ээси 1991-жылы туулган жаран көмүр кычкыл газына ууланган, жабыркаган адамды Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Бирок ооруканага жетпей көз жумган. Өрттүн себеби такталууда. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="82615,82616"]