SerepTV Logo

Бишкекте үйдө газ жарылып жабыркаган аял каза болду

Бишкекте үйдө газ жарылып жабыркаган аял каза болду
Бишкекте үйдө газ жарылып жабыркаган 62 жаштагы аял ооруканага түшкөндөн кийин эртеси каза болду. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиргендей, аялдын денесинин 60-70% күйүп, ооруканага оор абалда түшкөн. "38 жаштагы кызы учурда Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасында дарыланууда. Анын бети, колу күйгөн. Учурда абалы туруктуу", - деп бөлүштү министрликтен. 19-январда Бишкектин Көк-Жар районундагы Сейтек көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабатындагы батирде газ жарылып, кызы менен энеси жабыркаган.