SerepTV Logo

Бишкекте вебкам-студияларды уюштурууга шектүү кармалды (видео)

Бишкекте вебкам-студияларды уюштурууга шектүү кармалды (видео)
Бишкекте вебкам-студияларды уюштурууга шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 11-март күнү милициянын Кылмыш иликтөө башкармалыгына интернет сайттар аркылуу кыздарды жогорку акы төлөнүүчү онлайн-видео маек куруу кызматтарын көрсөтүүгө вебкам-студияларына жумушка чакырылып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (сойкулукка тартуу) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1995-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
edita