SerepTV Logo

Бишкекте уурулукка кирүүгө аракет кылган шектүүнү үй ээси видеого тартып алган (видео)

Бишкекте уурулукка кирүүгө аракет кылган шектүүнү үй ээси видеого тартып алган (видео)
Бишкекте уурулукка аракет кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. 4-сентябрь күнү Ленин РИИБге жаран кайрылып, ошол эле күнү саат 11:00 чамасында белгисиз адам Ак-Ордо 3 жаңы конушунда жайгашкан үйүнө кирип, терезесин ачканга аракет кылганын, үй ээси аны байкап калганда белгисиз тарапка качып кеткенин билдирип, чара көрүүнү суранган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37,205-беренесине (уурдоого аракет кылуу) ылайык кылмыш иши козголгон. Тергөө жана ыкчам-иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 1995-жылы туулган шектүү аныкталып, кармалган. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от УВД Ленинского района г.Бишкек (@uvdleninsky312)