Бишкекте уруштун айынан бычак сайылды. Шектүүлөр кармалды
Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан бейбаштыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
17-декабрда саат 02:40 чамасында Бишкек ШИИБдин "102" кызматына 7-апрель менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде бирөөгө бычак сайылганы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке Милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда, 1990-жылы туулган жаран балдар урушуп, бирөөсүнүн артына бычак сайып, качып кеткендигин айткан. Кылмышка шектелип, 1997-жылы жана 1996-жылы туулган жаран кармалып, Свердлов РИИБдин Тергөө кызматына өткөрүп беришти.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="90354,90355"]