SerepTV Logo

Бишкекте унаасы менен жолду тороп, жаранды сабаган шектүүлөр кармалды

Бишкекте унаасы менен жолду тороп, жаранды сабаган шектүүлөр кармалды
Милиция кызматкерлери тарабынан бейбаштык кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. 20-октябрда Ленин РИИБге жаран арыз менен кайрылган. Анда эки жаран ошол күнү саат 15:30 чамасында Ак-Ордо конушунда унаасы менен жолду тороп, денесине жаракат келтиришкен. Андан соң белгисиз тарапка качып кетишкен. Аталган фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (Бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1991 жана 1999-жылы туулган жарандар милицияга жеткирилди.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от УВД Ленинского района г.Бишкек (@uvdleninsky312)