SerepTV Logo

Бишкекте унаанын айнегин чагып, айдап качууга шектүүлөр кармалды

Бишкекте унаанын айнегин чагып, айдап качууга шектүүлөр кармалды
Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан унаа уурдоого шектүүлөрдү кармашты. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. 7-декабрь күнү Бишкек шаарынын Ленин РИИБге жаран белгисиз адамдарга чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда ошол эле күнү саат 2 чамасында Ак-Өргө жаңы конушунун Ак-Ордо көчөсүнөн Mercedes Benz үлгүсүндөгү унаасын айдап качып, унааны жолдо таштап, белгисиз тарапка качып кетишкен. Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 37, 211-беренесине (автотранспорт каражатын басып алууга аракет кылуу) ылайык кылмыш иши козголгон. Ленин РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан изи сууй электе кылмышка шектүү катары 2005-жылы туулган 2 шектүү аныкталып, кармалган. Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.