SerepTV Logo

Бишкекте унаадан белине чейин чыгып алган жарандын видеосу тарады

Бишкекте унаадан белине чейин чыгып алган жарандын видеосу тарады
Үлпөт той кортежинде авто бейбаштык кылган айдоочуларга 30 миң сом айып салынды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. Социалдык тармактарда Hyundai Sonata жана Nissan Tiida үлгүсүндөгү унаалардан ичиндеги жаран терезеден тулку боюн чыгарып, башка жол кыймылынын катышуучуларына тоскоолдук жаратып, атайын авто бейбаштык жасаган унаалар боюнча видео тасма тараган. Бул видео боюнча ыкчам кармоо иштери жүргүзүлүп, натыйжасында унаалар табылып, жалпы 30 миң сом айып салынып, унаалар айып короо жайына токтотулду. ЖКККББ кайталап авто бейбаштык жасаган учурда, алты айлык мөөнөткө айдоо укугунан ажыратылаарын эскертти.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от Байказы Айтикул уулу (@baikazy_official)