SerepTV Logo

Бишкекте унаадан 5 килограммдан ашык гашиш табылды

Бишкекте унаадан 5 килограммдан ашык гашиш табылды
Бишкекте 5 килограмм афган гашиши менен айдоочу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, укук коргоо кызматкерлери 18-апрелде Mitsubishi үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Унаанын жүргүнчүлөр отуруучу бөлүгүнөн баштыкка оролгон заттар табылып, алардын гашиш экени аныкталган. Анын салмагы 5 килограмм 895 граммды түзгөн. Айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө иштери уланууда.
edita