Бишкекте унаа уурдаганга шектелген жаран кармалды
Бишкекте унаа уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Патрулдук милиция кызматынан билдиришти.
Маалымат боюнча, шаар тургуну арыз менен полицияга кайрылып, Хонда Фит унаасы уурдалганын айткан. Унаа Кулиев жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде токтоп турган. Милиция кызматкерлери тарабынан унаа уурдоого шектүү 28 жаштагы жаран кармалып, Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн жеткирилди.