SerepTV Logo

Бишкекте унаа айдап качууга шектелип үч жигит кармалды

Бишкекте унаа айдап качууга шектелип үч жигит кармалды
Бишкекте унаа уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти. Милицияга шаар тургуну 20-апрелде арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 20-апрелге караган түнү саат 03:10 чамасында короодо токтоп турган унаасын белгисиз адамдар айдап кеткен. Арыздануучу Хонда Фит унаасын 450 миң сом деп баалаган. Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 211-берене (унаа транспорт каражаттарын айдап качуу) менен катталып, тергөө жүрө баштаган. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип 2002-жылы туулган 2 жигит, 2003-жылы туулган бир жигит кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.