SerepTV Logo

Бишкекте Улуттук госпиталдын дарыгерин сабап кетишти

Бишкекте Улуттук госпиталдын дарыгерин сабап кетишти
Бишкекте Улуттук госпиталдын дарыгери Болот Таировду сабап кетишти. Бул тууралуу дарыгер социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, бүгүн болжол менен саат 08:30 чамасында неврология бөлүмүнө жигит келип, унаадагы бейтапты карап берүүсүн өтүнгөн. “Эшикке чыгып, унаа менен бейтапты таппагандыктан кайра ооруканага киргем. 5-7 мүнөттөн кийин эшикти тээп, жогоруда айтылган жигит келди. Сыртка чыгып бейтапты карап жатсам, башыма оң тараптан сокку болду. Жигит оорулууну текшерүүгө тоскоолдук кылып, мени дагы бир жолу урууга аракет кылды. Аны сүйрөп кеткенден кийин гана бейтапты карап, тийиштүү жардам көрсөтө баштадым», - деп жазган дарыгер. Ал окуя видеокөзөмөлгө жазылганын, видео тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн таркатылбай турганын айтты. "Качанга чейин дарыгерлерди кызматтык милдетин аткарып жатканда ур-токмокко алышат?" – деди ал. Дарыгер бул факты боюнча милицияга кайрылгандыгын айтты.
edita