Бишкекте "Улан Узун" кайманата аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Сүрөт
УКМКнын кызматкерлери тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун таасирдүү мүчөлөрүнүн бири, кылмыш чөйрөсүндө "Улан Узун" деген каймана ат менен белгилүү Барчакеев Улан Кыйбатбекович кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Улан Барчакеев кечээ, 1-мартта Бишкек шаарынын аймагынан кармалып, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына жеткизилген.
"УКМК тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Улан Барчакеев тарабынан кылмыш иш-аракеттерин жасоо жагдайлары жана анын кылмышка байланыштуу иштери аныкталды. Барчакеев Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди",- деп айтылат маалыматта.