SerepTV Logo

Бишкекте Түштүк магистралдагы 2 гектар чөп күйүп кетти

Бишкекте Түштүк магистралдагы 2 гектар чөп күйүп кетти
Бүгүн, 12-июлда Түштүк магистралдын батыш тарабы өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдан маалымдашты. Түштүк магистралдын батыш тарабында өсүп турган кургак чөп өрттөнүп жаткан жерге Бишкек шаардык 28-ӨКБнын 1 бөлүмү тартылган. Такталган маалымат боюнча, Токтоналиев жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде ачык аянтта куураган чөптөн чыккан өрт саат 14:10дө чектөөгө алынган. "Ала-Тоо" ресторанынын күн батыш тарабында болжол менен 2 гектар чөп күйгөн. Бул тилкеде саат 15:38де тилсиз жоо толук өчүрүлгөн.