SerepTV Logo

Бишкекте түндө кыз эркек кишинин телефонун тартып алып, качып кеткен

Бишкекте түндө кыз эркек кишинин телефонун тартып алып, качып кеткен
Ленин РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан тоноого шектүү кармалды. Бул тууралуу аталган райондук милициядан билдиришти. 8-сентябрда жаран белгисиз кыз кишиге чара көрүү үчүн арыз менен кайрылган. Анда ал ошол эле күнү  түнкү саат 03:00 чамасында Чүй проспекти менен Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде, белгисиз кыз күч колдонуп уюлдук телефонун тартып алганын, андан соң белгисиз тарапка качып кеткенин айткан. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесине (тоноо) ылайык кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды. Тергөө уланууда.