Бишкекте түндө каналга түшүп кеткен жаран куткарылды
Бишкекте түндө эркек киши каналга түшүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя Токомбаев проспекти жана Сухэ-Батор көчөсүнүн кесилишиндеги көпүрөдө болгон. Аты-жөнү азырынча тактала элек 40-45 жаштагы жаран белгисиз себептерден улам көпүрөдөн каналга кулап кеткен.
Ал жерге 5 куткаруучу тартылып, аны суудан чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
[gallery columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="37566,37567,37568,37569"]