SerepTV Logo

Бишкекте түндө ири кампа өрттөнүп кетти. Өрттү толук өчүрүү иштери уланууда (видео)

Бишкекте түндө ири кампа өрттөнүп кетти. Өрттү толук өчүрүү иштери уланууда (видео)
Бишкек шаарына караштуу Ленин районунун Мурманск жана Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кампадан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
- Өрт тууралуу маалымат түнкү саат 03:45те түшкөн. Өрттү өчүрүүгө ыкчам түрдө биринчи бөлүм саат 03: 46да чыгып кеткен. Өрттүн аянты чоң болгондуктан жерине жалпы 7 бөлүм, 1 суу ташуучу, Штаб жана ККББдан ыкчам топ тартылган. Мындан сырткары ИИМ кызматкерлери, РЭТтен 1 бригада, "Тез жардам" кызматынан 1 бригада, газ чарба кызматынан 1 бригада, “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынан 2 суу ташуучу унаа тартылды.
Такталган маалымат ылайык, өрт саат 07:20да чектөөгө алынып, учурда толук түрдө өчүрүү иши жүрүүдө. Жабыркагандар жок. Кошумча маалымат берилет.