Бишкекте төрт унаа сүзүштү (видео)
Бишкекте төрт унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Жол кырсыктын видеосу "Короче" телеграм-каналга жүктөлдү.
Маалыматка караганда, кырсык бүгүн, 25-октябрда Элебесов менен Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде "Дордой" базары тарапта болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, жол кырсыгынан жабыркагандар жок. Борбор калаанын Патрулдук милиция кызматы кырсыктын чоо-жайын тактоодо.