Бишкекте топ балдар аялга тийишип, жолдошу менен мушташа кетишкен
Кечээ, 8-сентябрда социалдык тармактарда "Бишкектеги соода борборунда топ балдар аялга асылып, анын күйөөсү менен мушташты" деген видео тараган.
Аялдын айтымында, ал күйөөсү менен соода борборунда бара жаткан учурда жигиттердин бири ага асылып баштаган. Күйөөсү эскертүү жасаганда, алар мушташ чыгарган.
Аялдын айтуусунда, жигиттердин колунда бычак болгон жана алар күйөөсүнө каршы колдонуу менен коркутушкан. Бул боюнча Биринчи Май РИИБден маалымат беришип, арыз жазылганын тастыкташты.
Аталган факты боюнча бейбаштык беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ошондой эле жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда милиция кызматкерлери бул окуянын бардык катышуучуларынын өздүгүн аныкташкан.