SerepTV Logo

Бишкекте токтоп турган 3 унааны сүзүп, из жашырган айдоочу кармалды

Бишкекте токтоп турган 3 унааны сүзүп, из жашырган айдоочу кармалды
27-октябрь күнү саат 04:40 чамасында Ахунбаев көчөсү менен батыш багытта бара жаткан айдоочу белгисиз унаасы менен Курчатов көчөсүнүн кесилишинен токтоп турган Toyota Prius, Mercedes-Benz W124, Volkswagen Sharan унааларын сүзүп, из жашырып кеткен. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. Милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам издөө иштеринин жыйынтыгында, Mercedes ML үлгүсүндөгү унаанын ээси 2000-жылы туулган айдоочу аныкталып, унаасы айып короого токтотулуп, айдоочу тергөө бөлүмүнө жеткирилди. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып териштирүү иштери жүрүүдө.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от УПСМ г.Бишкек (@upsm_kg)

edita