Бишкекте тиш тазалатканы барган 3 жаштагы кыздын чарчап калышы. Атасы "кызым көпкөк болуп жатыптыр" дейт
Кыздын жанында болгон атасы окуя тууралуу айтып берди. "Кызымды менчик клиникага алып барганбыз. Кеңеш алып, анализ тапшырып келгиле дешкен. Ийне сайбай эле, дем алдырып, уктатып, жалпы 106 миң сомго жасап берерин айтышкан. Макул болуп, анализ тапшырып, жакшы чыкты. Саат 12де палатага кирип, кызымды мен эле көтөрүп кирейин десем, "бул жакка киргенге болбойт" дешти. 4 сааттан ашык убакыт кетерин айтышты. Кеч кирип бара жатканынан тынсызданып, жубайым жазды. Дарыгер үстүнкү тиштерин жасап бүткөнүн, астыңкы жаактагы тиштери калганын айтты. Ишенип отурдук. Эшиктин түбүндө отурсам эле, дарыгерлер кирип кетип, 10 мүнөттөй жүрүштү. Сүйлөшөлү деп, кабинетке алып кирип, "жүрөгүнүн согуусу токтоп калды" дешти. Жубайыма айтып, экөөбүз чуркап кирдик. Кызым көпкөк болуп жатыптыр. 1,5 сааттай жаткан окшойт", - деди атасы.
"Ошол жерден милицияга чалдым. Милиция келди", - деди ал.