SerepTV Logo

Бишкекте тиш дарылаткан кыздын чарчап калышы. Кылмыш иши козголду

Бишкекте тиш дарылаткан кыздын чарчап калышы. Кылмыш иши козголду
Бишкекте КММАнын медициналык борборунда 3 жашар кыз тиш дарылатып жатып каза болду. Октябрь РИИБден билдиришкендей, 18-декабрда кыздын чоң энеси арыз менен кайрылган. Ал небереси дарыгерлер кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыктан каза болгонун билдирген. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесинин (медициналык же фармацевтика кызматкеринин кесиптик милдеттерин талаптагыдай эмес аткаруусу) негизинде кылмыш иши козголду. Экспертизанын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет.