Бишкекте тик учактын кулашынын алдын ала иликтөөнүн жыйынтыгы айтылды
Генштаб Бишкекте тик учактын кулашынын алдын ала иликтөөнүн жыйынтыгын айтты.
Генштабдын башчысы Руслан Мукамбетов Sputnik радиосуна курган маегинде: "Комиссия кырсыкты иликтеп бүттү, Аскер прокуратурасы тергөө иштерин жүргүзүүдө. Алдын ала маалыматтар боюнча тик учактын кулашына аба ырайынын катаал шарты, адамдык фактор себеп экени аныкталууда", — деди. Буга чейин министрликте окуянын себебин иликтей турган атайын комиссия түзүлгөн.
17-январда Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн 23565 аскер бөлүгүнүн аймагында окуу-машыгуу учурунда Ми-8МТВ тик учагы кыйраган. Коргоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, тик учактын кыйрашынан 11 адам жабыркап, бир аскер кызматчысы каза болгон.