Бишкектеги тез тамактануучу жайда өрт чыкты
Бишкек шаарынын 8-кичи районунда жайгашкан "Шаурма на мангале" тез тамактануучу жайынан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм тартылган. Тилсиз жоо саат 16:54тө чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар катталган эмес.