Бишкекте күйүүчү май сакталган кампа өрттөнүп жатат
Бишкекте өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Биринчи Май районундагы Тимирязев менен Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде күйүүчү май сакталган кампада өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө ӨКМден 5 бөлүм, 1 суу ташуучу унаа, штаб, ККББдан ыкчам топ, Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу жана ИИМдин кызматкерлери тартылды.
