SerepTV Logo

Бишкекте телефон уурдап жүргөн шектүү колго түштү

Бишкекте телефон уурдап жүргөн шектүү колго түштү
Бишкекте уурулукка шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. 3-декабрь күнү Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына жаран кайрылып, Бишкек шаарынын Токтогул жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинен саат 13:00 чамасында 55 миң сомду түзгөн Айфон 11 үлгүсүндөгү телефонун уурдап, белгисиз тарапка изин жашырып кеткен адамга карата чара көрүүнү суранган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1997-жылы туулган шектүү аныкталып, кармалды. Шектүүнүн башка ушул сыяктуу кылмыш фактыларына тиешеси бар экендиги аныкталган.