SerepTV Logo

Бишкекте таштанды ташыган унаа өрттөнүп кетти

Бишкекте таштанды ташыган унаа өрттөнүп кетти
Бишкек шаарынын Ленин районунда таштанды ташуучу унаадан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Өрттү өчүрүүгө саат 11:09да Биринчи Май райондук №8 АӨКБдан 1 бөлүм тартылып, саат 11:52де толук өчүрүлдү. Такталган маалымат боюнча жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.